Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Россияда окуган Э.Жумабаев Челябинск шаарынын мэринин дипломун алды (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну Эмилбек Жумабаев. Ал учурда Россиянын Челябинск шаарында окуп, «Кыргыз жаштары» уюмунун жана «Чет элдик студенттер» ассоциациясындагы кыргыз студенттеринин төрагасы болуп эмгектенет.

Жакында Челябинск шаарында өткөн улуттар аралык футболдук мелдешке Э.Жумабаев негиздеген «Кыргызстан» командасы да катышты.

«Мамлекет тарабынан өткөрүлгөн чоң футболго "Кыргызстан" командасы биринчи жолу катышты. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 30-майда Челябинск шаарынын мэриясында болуп өттү. Биздин команда орунга илинген жок. Бирок, Челябинск шаарындагы кыргыз студенттеринин төрөгасы жана "Кыргызстан" футбол командасынын негиздөөчүсү катары шаар башчысы Е.Тефтелевдин атынан диплом алдым», - деди ал.

Эмилбек Жумабаев 1995-жылы 15-январда алыскы Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жеке ишкердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×