При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Чаткалда «Тамекисиз жашоо» акциясында жөө жүрүш болду

Turmush -  Чаткал районунда «Тамекисиз жашоо» акциясынын алкагында жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каныш-Кыя айылында райондук ден соолук комитети, райондук жалпы дарыгерлик практикалоо борбору тарабынан 31-май — Тамеки чегүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата «Тамекисиз жашоо» акциясы уюштурулду.

Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө кол күрөш, чуркоо жана аркан тартыш сыяктуу спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Акциянын жүрүшүндө катышуучулар тамеки чегүүдөн улам өпкөдө пайда болгон уунун деңгээлин, адам өпкөсүндөгү истин деңгээлин аныктоочу смокелайзер менен текшерүүдөн өтүштү.

Акцияны уюштурууга салым кошкон кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 279
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×