При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Ала-Букада селдин кесепетинен айрым көпүрөлөр жарактан чыкты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында кечээ, 30-майда саат 15:00 чамасында мөндүр аралаш жаан жаап, колоттордон сел суулары түштү.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, анын кесепетинен Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Дөбө тилкесинде ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө авариялык абалга келди. Учурда унаалар үчүн каттам жабык. Аталган көпүрөнү 20 кожолук жана №18 Ж.Бешимов орто мектебинин окуучулары пайдаланат. Учурда жашоочулар бул өпүрөнүн жанындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө аркылуу өтүп жатышат.

Ошондой эле, Өрүктү-Сай айылындагы Өрүктү-Сай суусу аркылуу жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн астын сел суулары жеп, ФАПка өтүүгө кыйынчылыктар жаралды. Ал эми, Тегизчил тилкесинде 2012-жылдары айыл тургундары тарабынан ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө жараксыз болуп калган. Тегизчил-2 тилкесиндеги 15 кожолук өтүүчү ички чарбалык көпүрө дагы кооптуу абалда турат. Бирок, жол каттамы токтогон эмес.

Жеринде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 438
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу