Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.05.2017 18:19

Кара-Көл шаардык кеңеши кезексиз сессияга чогулуп, төрагасын бошотту

Turmush -  Бүгүн, 30-майда Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз 5-сессиясы өтүп, көпчүлүк депутаттардын добушу менен төрага мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Turmush басылмасынын кабарчысына жеке булактар билдиргендей, сессияга 27 депутат катышып, күн тартибинде 3 маселе каралган. Алгач шаардык кеңештин төрагасы К.Үмөтовдун (КСДП) жумуш орду каралып, ал өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы айтылды. Төрага өзү бүгүнкү сессияга катышкан жок.

Күн тартибиндеги экинчи маселе жаңы төраганы шайлоо болсо, үчүнчү маселе — шаардык бюджеттин 2016-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттарын каржылоо жөнүндө токтомго өзгөртүү киргизүү болду.

Жыйынтыгында төрага К.Үмөтовду өзүнүн иш милдеттерин талаптагыдай аткара албай жатат деген 22 депутат аны мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдоду.

Ал эми, бүгүнкү сессияны улантуу, жаңы төраганы шайлоо 2-июнга белгиленди.

К.Үмөтов

кк

Кара-Көл шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясын «Энергетик», КСДП жана «Республика — Ата Журт» фракциялары (23 депутат) түзөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×