Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусу, Токтогул 30.05.2017 17:43

Токтогулдун жаштары кайрымдуулук концертин уюштурушту

Turmush -  Токтогул шаарындагы «Эркиндик» клубунун жаштары тарабынан кайрымдуулук концерт уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, клубга мектеп окуучулары, чыгармачыл жаштар мүчө. Концерттен түшкөн каражатка азык-түлүк алынып, шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана жардамга муктаждарга таратылды.

«Биз жума сайын үй шартында жасалган таттууларды борбордук базарда соода-сатык кылган ишкерлерге сатып, акча жыйнадык. Мындан сырткары, кайрымдуулук концертинин билеттерин сатып, кошумча 16 миң сом жыйнап, 10 үй-бүлөгө азык-түлүк алып бердик», - деди уюштуруучулардын бири Каныкей Уланбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×