Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.05.2017 15:16

Жалал-Абадда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөрдүн эл аралык турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Жалал-Абад шаарында КРнын эмгек сиңирген финансисти жана Жалал-Абал облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу болгон, маркум Адыш Кочкоровдун элесине арналган эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында биринчи эл аралык турнир өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана Тажикстандан келген өспүрүмдөрдүн жалпы 24 командасы, 500 спортчу катышты.Турнирди КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жолдош Рыскулов уюштурду. Өспүрүм балдар 15 салмак категориясы боюнча күчтөрүн сынашты.

Жыйынтыгында командалык эсепте Жалал-Абад облусунун балбандары башкы орунду, андан кийинки орундарды Тажикстандын эркин күрөшчүлөрү жана Талас облусунун өспүрүмдөр командасы утуп алды. Жеңүүчүлөргө Жалал-Абад облустук эркин күрөш федерациясын чейрек кылым жетектеген Адыш Кочкоров атындагы кубок жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Мелдеш эки күн бою Жалал-Абаддагы Р.Санатбаев атындагы грек-рим күрөшү боюнча олимпиадалык резервдеги спортчуларды даярдап келе жаткан балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×