Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.05.2017 12:40

Айыл турмушу: Токтогулдук жеке ишкер жаштарды патриоттуулукка үндөп, короосуна туу орнотту (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну, жеке ишкер К.Эшенкулов короосуна Кыргызстандын желегин орнотту, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

К.Эшенкуловдун айтымында, желектин бийиктиги 12, туурасы 6 метр, узуну 8 метрди түзөт.

«Мен көптөн бери жеке ишкерчилик менен алектенем. Учурда үй-бүлөм менен мейманкана иштетебиз. Өзүм мейманкананын чарба иштерин жүргүзөм. Жубайым келген конокторду тейлеп, аларга шарт түзүү менен алектенет. Жылдан жылга чет өлкөлөрдөн келген туристтердин саны көбөйүп жатат. Мындан сырткары, райондук мекеме-ишканалар уюштурган семинар, окууларды, конференцияларды жана банкеттерди өткөрүүгө кызмат кылабыз. Өткөн жылы короонун ичине улуттук боз үйдүн формасын чагылдырган атайын жай салып, кыргыз туусун көтөрдүм. Илгери кыргыздар «туу көтөргөн уул бол» деп бата берип келишкен.

Азыр заман өзгөрдү, коом алмашты. Көпчүлүк жаштар туунун маани-маңызын билишпейт. Айрым учурларда тууну тескери илип жүргөнүн көрүп, капа болосуң. Жаштарга үлгү болсун деп жана аларды патриоттуулукка үндөө максатында балдарым менен биргеликте ушул тууну көтөрүп алдык.

Мындан сырткары, короодо 250 даана терек, 150 алма бак жана 9 түрлүү гүлдөр өстүрүлөт. Ийгиликке жетүү үчүн талыкпаган эмгек керек», - деди шаардын ардактуу атуулу К.Эшенкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×