Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.05.2017 09:42

Айыл турмушу: Биринчи жолу дыйканчылык кылып жаткан А.Төрөбеков жакшы киреше табууда (фото)

Turmush -  Биринчи жолу дыйканчылык менен алектенип жаткан Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну Алмаз Төрөбеков жакшы киреше табууда.

Ал буга чейин Ош шаарындагы базарлардын биринде соода менен алектенип келгендигин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

«Мен Кербен шаарында туулуп, чоңойгом. Кийин үй-бүлөлүү болуп, Ош шаарына көчүп баргам. Ал жерден үй алып, шаардагы базарлардын биринде сатуучу болуп эмгектенип жүрдүм. Быйыл Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жар айылындагы бажам бирге дыйканчылык кылууну сунуштады. Мен анын сунушун колдоого алып, экөөбүз алган жерге бадыраң, дарбыз жана пахта эктик. Учурда бадыраңдын түшүмүн базарга алып чыгып, дүң баада 25-20 сомдон сатып жатам. Бул иштин түйшүгү көп экен. Буга чейин дыйканчылык кылып көргөн эмесмин, азыр бир аз үйрөнүп калдым. Бадыраңды өстүрүүнүн да өзүнүн ыкмалары бар экен. Ага жакшы кам көрбөсө ал ар кандай ооруга туш болуп, түшүмү начар болуп калат», - деди А.Төрөбеков.

Кызыл-Жар айылы 1928-жылы негизделген. Учурда айыл элинин 98%ы дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×