Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суу – Сары-Бээ автожолунун курулушу ыкчамдатылууда (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу – Сары-Бээ автожолунун курулушу ыкчамдатылып жатат.

Жалал-Абад облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, Майлуу-Суу дарыясынын батыш тарабынан куруу иштери башталган. Курулуш иштерине Таш-Көмүрдөгү №38 жол тейлөө ишканасынан керектүү техникалар берилген.

Мындан сырткары, жол курулушунун 1 прорабы, 1 бригадир, 2 жумушчу жана асканы жардырууда атайын иштей турган 3 адамдан турган жардыргычтар бригадасы иш алып барууда. Жолдун узундугу 813 метр келип, эндүүлүгү 8 метрди түзөт.

«Азырынча техникалар менен адам күчтөрү жетиштүү. Иш ыргагы күч алган сайын кошумча техникалар менен жумушчулар тартылат. Жолдун курулушун 30 жумуш күндүн ичинде талапка ылайык бүткөрүүнү мерчемдеп жатабыз», - деди №38 жол тейлөө ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кубанычбек Кулматов.

Жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×