Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.05.2017 16:31

Аксыда айыл өкмөттөр арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунда айыл өкмөттөр арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн командасы жеңишке жетти.

Ак-Жол айыл өкмөтүнөн кабарлашкандай, мелдешке жалпы 12 команда катышты. Оюндун жыйынтыгында, 1-орунду Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн командасы жеңип, 35 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн командасы ээ болуп, 25 миң сом алды. Ал эми, 3-орунду ээлеген Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн командасы 15 миң сом менен сыйланса, 4-орунду багындырган Кара-Суу айыл өкмөтүнүн командасы 10 миң сом сыйлык менен сыйланды.

Мындан сырткары, «Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу» наамдары дагы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×