Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.05.2017 13:05

Жалал-Абадда айрым техникалар добуш берүү учурунда иштебей калды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тынч өтүп жатат. БШКнын өкүлү Дамир Жүндүбаевдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 27-майда көчмө урна аркылуу 326 шайлоочу добуш берген.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, айрым техникалар добуш берүү учурунда иштебей калган учурлар болду. Эртең менен шаардагы №2093 шайлоо комиссиясында электрондук урна 5 мүнөткө иштебей калган. Андан башка электрондук урна иштебей, кезек күттүргөн учурлар катталган жок. Бул шайлоо комиссиясында жалпы 1577 шайлоочу катталган. Саат 12:00гө карата болжол менен 420 адам добуш берди. Ал эми 30га жакын шайлоочунун биометриялык маалыматтары табылбай, тизмеси башка шайлоо комиссияларынан чыкканы үчүн добуш бере алышкан жок.

Шаардагы №2104 шайлоо комиссиясында да эртең менен техникалык мүчүлүштүк болуп, шайлоочуларды көрсөтүүчү экран иштебей калган. Бул маселе жарым сааттын ичинде чечилген.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтымында, тизмеде жалпы 2334 шайлоочу болсо, түшкө чейин 861 шайлоочу добуш берген.

«Буга чейин төрт шайлоочунун паспортторун аппараттар тааныбай койду», - деди төрага.

Бүгүн, 28-майда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жаткан шайлоо комиссиялары саат 20:00гө чейин ачык болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×