Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Суу шаарында жер көчкүдөн жабыркаган тургундар үчүн жаңы жол салына баштады (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жер көчкүдөн жабыркаган тургундар үчүн жаңы жол салына баштады, деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-апрелинде Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 миң метр куб жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясына түшүп, сууну бөгөп калган. Натыйжада ички чарбалык Кара-Жыгач—Сары-Бээ унаа жолу жабылып, Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 37 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Аталган көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон.

28-апрель күнү ӨКМ тарабынан 50 куткаруучу, шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү элдерден 85 адам күчү жалпы 15 атайын техникалардын жардамы менен кооптуу болгон дарыянын жээгин тосуу, бекемдөө жумуштарын жүргүзүшкөн. Шаардык Жарандык коргонуунун көчүрүү комиссиясы тарабынан жалпысынан 23 үй-бүлө (159 адам) убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп, анын ичинен 21 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарындагы туугандарынын турак жайларына жана 2 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарынын колледжине жайгаштырылган.

«Ушул жылдын 1-майынан баштап Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган 550 кожолукка (3200 адам) убактылуу жөө каттам берүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары тарабынан узундугу 1,5 чакырым жол кол күчү менен тоонун борунан салынган. Кара-Жыгач—Сары-Бээ унаа жолун салуу максатында Таш-Көмүр шаарындагы №38 жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 даана самосвал, 2 даана экскаватор, 1 даана бульдозер тартылып, учурда жаңы жолду салуу жумуштарын баштады», - деп айтылат маалыматта.

Тема боюнча:

17.03.2017Майлуу-Сууда 1,7 млн метр куб жер көчкү жүрдү (фото)
25.03.2017Майлуу-Сууда жер көчкү түшкөн турак жайдын ээси үйүн бузуп, курулуш материалдарын алып кетти (фото)
12.04.2017Майлуу-Сууда жер көчкү жүрүп, 10 үй-бүлө көчүрүлдү
28.04.2017Майлуу-Суу дарыясына жер көчкү сүрүлдү (фото)
28.04.2017Майлуу-Сууда жер көчкүдөн улам 37 кожолук колледждин жатаканасына көчүрүлүүдө (фото, видео)
01.05.2017Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам тургундар тоо боорундагы кыя жол менен өтүп жатат (фото)
01.05.2017Майлуу-Суудагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундар ичүүчү суусу жок калышы мүмкүн (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 755
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×