При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Таш-Көмүрдө «Хонда CR-V» унаасы сайдын жээгине кулап, 1 адам каза болду, экөө ооруканада (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-майда Таш-Көмүр—Тегене унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы Таш-Көмүр шаарынан болжол менен 6 чакырым алыстыкта катталган. Анда «Хонда CR-V» унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып, айдоочу бурулуштан рулду башкара албай, Кара-Суу дарыясынын жээги тарапка кулаган. Ичинде 3 жүргүнчү болгон. Алардын экөөсү Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирөө окуя болгон жерде каза болгон. Күбөлөр унаанын айдоочусу мас абалда болгондугун айтышкан.

43

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×