При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Ала-Букада 30 жылдык бүтүрүүчүлөр курган тарыхый монументтин ачылышы болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы айланма жолго курулуп жаткан тарыхый монументтин ачылыш аземи болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ага район акими С.Акпаралиев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Курулуп бүткөн монумент райондун түптөлүшүнүн тарыхын чагылдырат. Монументтин үстүнө райондун символу болгон буканын элеси чагылдырылган. Бул монументти райондогу мектептерди 30 жыл мурун аяктагандар тургузушуп, район элине эстелик катары калтырышты. Курулушка 600 миң сомго жакын каражат жумшалган. Монументтин бийиктиги 15 метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 843
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу