Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Чаткалда сел жүрүү коркунучу бар аймактарды ашар жолу менен бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө (фото)

Turmush -  Чаткал районунда сел жүрүү коркунучу жаралган аймактарда ашар жолу менен бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө, деп билдиришти райондук администрациядан.

Маалыматка караганда, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундары сел каптоо коркунучу жаралган жерлерди тосууда.

«Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Жер-Капчыгай, Коргон-Сай, Башка-Терек, Чакмак-Суу айылдарындагы көпүрөлөрдү сел алып кетүү коркунучу жаралган. Көпүрөлөрдүн айланасын бекемдөө иштери жүргүзүлүп, зым, торчолор байланууда. Сел алып жаткан Ак-Көл каналы дагы тазаланып, кооптуу жерлери бекемделди. Айыл өкмөт жетекчилиги керектүү техника менен камсыздап берүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1422
Көп окулду
×