Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.05.2017 09:13

Жалал-Абадда Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль уткан балбан К.Түгөлбаевди тосуп алышты

Turmush -  Баку шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарында коло медалды жеңип алган балбан Кайрат Түгөлбаевди кечээ, 22-майда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен тосуп алышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Эл аралык класстагы спорт чебери К.Түгөлбаевди тосуп алуу иш-чарасына Жалал-Абад облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчилери, кызматкерлер, шаардагы спорт тармагында эмгектенген машыктыруучулар катышты.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев аны жана анын машыктыруучулары менен коштоп келген спортчуларды кабыл алып, К.Түгөлбаевдин башына ак калпак кийгизди. Ошондой эле, машыктыруучусу экөөнү (КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу И. Өмүрзаковду) материалдык жактан сыйлоо тууралуу өкүлчүлүктүн кызматкерлерине көрсөтмө берди. Өкүл быйыл август айында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка К.Түгөлбаевдин катышуусу үчүн акчалай жардам бериле тургандыгын да айтты.

Ислам шериктештиги оюндарына Жалал-Абаддан 3 спортчу катышууда. Алардын бири жеңил атлетчи Гүлшанай Сатарова, грек рим күрөшү боюнча балбан Кайрат Түгөлбаев жана булгаары мээлейинин чебери Мирбек Шеров.

Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан Кайрат Түгөлбаев грек-рим күрөшү боюнча мелдештин жарым финалдык бөлүгүндө чекесинин жарылганына карабай күрөшүн уланткан. Коло үчүн беттеште балбан башын таңып алып чыгып, атаандашын утту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×