Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 11-декабрь
69.75    81.86    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Таш-Көмүрдө изделип жаткан өспүрүм баланын денеси табылды

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында 3 күндөн бери изделип жаткан 8-класстын окуучусу Серик Маратовдун жансыз денеси Нарын дарыясынан табылды. Милиция кызматкерлери маалымдагандай, издөө иштерине бүгүн, 20-майда саат 09:00дө ӨКМдин №2 издөө куткаруу отрядынын 7 кызматкери, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 кызматкер, Таш-Көмүр ШИИБдин өкүлдөрү жана суучулдар чыккан. Денени саат 10:40 чамасында Нарын дарыясынын суусунан 5-6 метр тереңдиктен таап чыгышты. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүмдүн денесинде жаракат алган белгилер жок.

2003-жылы туулган Серик Маратов 17-майда Кичи-Курулуш аймагындагы үйүнөн мектепке кеткен бойдон кайткан эмес. Буга чейин анын сумкасы, уюлдук телефону жана жемпири Нарын дарыясы тараптан табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13307
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×