При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Фото - Бишкекте 3 айлык ымыркайды 10 миң сомго сатууга шектелген 3 аял кармалды

Turmush -  Милиция кызматкерлери 3 айлык ымыркайды сатууга шектүү делген 3 аялды кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов РИИБге Ысык-Көл районунда 1995-жылы туулган К.А. аттуу жаран кайрылып, жакшы тааныш эмес Назира аттуу аялга жана 28-30 жаштардагы эки аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал арызда 12-майда Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде 3 айлык ымыркайды алар 10 миң сомго мыйзамсыз сатышкандыгын билдирген.

Оперативдүү издөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери бала сатууга шектүү делген 3 аялды кармашкан. Алар:

- Ысык-Көл облусунда 1977-жылы туулган А.Н. аттуу аял, ал бала сатууда ортомчу болгон;

- Ысык-Көл облусунда 1982-жылы туулган А.Ж. аттуу аял, ал бала сатууда ортомчу болгон;

- Чүй облусунда 1991-жылы туулган С.Н. аттуу аял, ал 3 айлык ымыркайды сатып алган.

Свердлов РИИБдин Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери акт түзүшүп, соттун чечими чыкканга чейин ымыркайды Бишкектин адистештирилген үйүнө өткөрүп беришкен. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 871
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×