При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Чүйлүк мугалим В.Балбакова атайын сынакта 3-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Кемин районунун Жол-Булак айылындагы мектептин мугалими Венера Балбакова Чүйдө өткөн «Жылдын мыкты мугалими» сынагында 3-орунга ээ болду. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Анын айтымында, 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн.

«9 жылдан бери Жол-Булак орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем. Кесибим менен сыймыктанам. Кичинемден тарта мугалим болуп, балдарга билим берсем деп кыялданчумун. Бирок билимдүүлүк көп билгенде эмес, аны колдоно билгенде. Бул менин жашоомдогу негизги урааным», - деди ал.

Мугалим балдарга сапаттуу билим берүүгө аракет кыларын кошумчалады.

«Балдар - жашоонун казылбаган казынасы. Бири ырчы, бири шайыр, бири момун деги эле бардыгы тең кайталангыс асыл жандар. Ар биринин өзгөчө мүнөзү, кыял-жоругу бар. Ошого жараша мамиле кылуу менен ар бирин бардык асыл сапаттарга ээ болгон кыргыздын атуулу кылып тарбиялоо менин педагогикалык жана адамдык милдетим. Балдардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн жаны технологияларды колдонуп, сабакты кызыктуу, сапаттуу кылып өткөргөнгө аракет кылам»,- деди ал.

Мугалим 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу