При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Фото - Базар-Коргондогу дарыянын деңгээли көтөрүлүп, 100гө жакын үйдү суу каптоо коркунучу жаралды

Turmush -  Кечээ, 18-майда катуу жааган жаан-чачындан улам Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылындагы 100гө чукул кожолукту суу каптоо коркунучу жаралды.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жооптуу кезметчиси, улук сержант М.Маратбековдун билдирүүсүндө, суунун деңгээли секундасына 130 метр куб, сыйымдуулугу секундасына 283 метр кубга жетти. Дарыядагы суунун көп келүүсүнөн улам Кызыл-Ай айылын сугат суу менен камсыз кылган каналга дарыядан 20-30 метр куб суу кирип, каналдын жээктерин бекемдөө жумушу жүргүзүлгөн.

Бул жумушка ӨКМдин жалпы 24 куткаруучусу, Сейдикум айыл аймагынан 26 киши тартылган. Кеңеш айыл аймагынан 1 бирдик автожүктөгүч тартылды. Сугат суу менен камсыз кылган каналдын жээктерин бекемдөө үчүн кол күчү менен 1100 даана кап коюлду.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 15-май күнү саат 16:00дөр чамасында Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылында МТФ участкасында Кара-Үңкүр-Сай дарыясындагы суунун нугу сол жээгине уруп, болжол менен 30 метр аралыктагы табигый жээкти суу жеп кетүү коркунучу жаралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×