Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада 30 жылдык бүтүрүүчүлөр 500 миң сомго тарыхый монумент куруп жатышат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айылына кире бериштеги айланма жолго мектепти 30 жыл мурун аяктагандар райондун тарыхын чагылдырган монумент куруп жатышат.

Уюштуруучулардын бири Т.Жунусовдун айтымында, курулушка 500 миң сом сарпталууда.

«Райондогу мектептин 30 жылдык бүтүрүүчүлөрү монументти эстелик катары калтыруу максатында курууну чечтик. Монументтин бийиктиги 15 метрди түзүп, жалпы 500 миң сом керектелүүдө. Андан сырткары, район боюнча волейбол боюнча мелдеш өткөрүүнү пландап жатабыз. Бирок, район боюнча 30 жылдыктардан каражат жыйноо кечеңдөөдө. Көк-Таш, Достук, Баястан айылдарындагы бүтүрүүчүлөр кечигип жатышат», - деди Т.Жунусов.

Курулушту 23-майда өтө турган райондун 80 жылдык мааракесине чейин бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1352
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×