Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Видео - Чаткалда шагыл аралаш таштар басып калган жүк ташуучу унаа чыгарылды

Turmush -  Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунда кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл аралаш таштар басып калган жүк ташуучу унаа чыгарылды. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев билдирди.

Анын айтымында, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Кош-Көпүрө аймагында 16-майда катуу жааган жаан-чачындан улам кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл аралаш сел, жүк ташуучу унааны басып калган. Мындан улам атайын техникалар тартылып, жол тазаланган соң унаа чыгарылган.

«Оор жук ташуучу унаа курулуш каражаттарын жүктөп бара жаткан. Унаага көп зыян келтирилген», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 26-чакырымынан 34-чакырым аралыкка чейин 6 жерде кокту-колоттон жалпы көлөмү 119190 метр куб болгон кум-шагыл аралаш сел түшкөн.

1-аймактан түшкөн таш-шагылдын көлөмү 96000 метр куб болуп, Каныш-Кыя айылынын 1987-жылы туулган тургуну Мейман уулу Союзбектин (мам № 705 ААК) «Мерседес» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын жолдун болжол менен 26,6-чакырымында басып калган. Жүк ташуучу автоунаада тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүк болгон. Унаанын айдоочусу Мейман уулу Союзбек менен жүргүнчүсү Аккулов Жамшиддин абалы жакшы. Жабыр тартышкан эмес. Жолдогу жүргүнчүлөр менен Ала-Бука районуна келе берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1072
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×