При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Жалал-Абадда 4,7 кг баңгизат менен кармалган саясий партиянын өкүлүнүн жанында Ала-Бука РИИБдин башчысынын орун басары болгон (толугу менен)

Turmush -  Жалал-Абадда ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана ИИМдин жеке коопсуздук кызматы баңгизаттарды жайылтууга шектүү жаранды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүштү.

АКИpress агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, операциянын жыйынтыгында баңгизаттарды жеткирүү жана жайылтууга шектелген эки адам кармалган. Кармалган жарандардын жанында 4,754 кг баңгизат болгон.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, табылган баңгизат апийим экендиги аныкталган. Кармалган жарандардын бири Ала-Бука РИИБдин башчысынын оперативдүү иштери боюнча орун басары, 1971-жылы туулган К.Б. болгон. Ал укук коргоо органдарында 1993-жылдан бери иштеп келген. Экинчи жаран коомдук бирикменин кызматкери, 1973-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран экендиги аныкталган.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштерин ИИМдин Ош шаары боюнча башкармалыгы жүргүзүүдө. Ала-Бука РИИБдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулган.

ИИМдин расмий сайтындагы маалымат боюнча 2016-жылдын октябрь айынан тарта Ала-Бука РИИБдин башчысынын орун басары болуп Батыр Култаев эсептелинет.

Кармалган экинчи жаран Т.Н. Жалал-Абад шаардык кеңешине саясий партиялардын биринен талапкер катары катталгандыгы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2446
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×