При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкер саясий партиянын өкүлү 4,7 кг баңгизат менен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешке саясий партиялардын биринен талапкер катары катталган жаран 4,7 кг баңгизат менен кармалды, деп билдиришти укук коргоо органдарындагы жеке булактар.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын Т.Н. аттуу тургуну 13-май күнү «Мөл-мөл» мейманканасынын жанынан шектүү катары кармалып, анын жанынан целоффан баштыкка салынган өзгөчө жыты бар 4,7 кг апийим баңгизаты табылган.

Кылмышка шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шектүү жаран Жалал-Абад шаардык кеңешине саясий партиялардын биринен талапкер катары катталганы белгилүү болгон. Анын жанындагы шериги Ала-Бука РИИБдин орун басары Б.К. экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1062
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
×