Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Бука айыл аймагынын башчысы болуп 31 жаштагы Дооронбек уулу Мунарбек шайланды

Turmush -  Ала-Бука айыл аймагынын башчысы болуп 31 жаштагы Дооронбек уулу Мунарбек шайланды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шайлоо 15-майда өтүп, ага төрт талапкер ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгында Дооронбек уулу Мунарбек көпчүлүк добушка ээ болду. Ал буга чейин райондук мамлекеттик администрациясында укук коргоо жана коргонуу иштери боюнча башкы адис болуп эмгектенип келген. Ал райондогу айыл аймактардын башчыларынын ичинен эң жаш айыл өкмөт башчы болуп калды.

Буга чейин Ала-Бука айыл аймагынын башчысы болуп Г.Умарова иштеп турган. Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаттары Г.Умарованын 2016-жылдагы аткарган иштерин канааттандырарлык эмес деп табышып, ага ишеним көрсөтпөө токтомун кабыл алышып, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимге Г.Умарованы кызматтан бошотууну сунушташкан.

Акимдин буйругунун негизинде Г.Умарова кызматынан бошотулуп, айыл өкмөттү шайлоо 15-майга белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 930
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:28,   18.10.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×