Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө 104 улак, 12 эчкини сел агызып кетти

Turmush -  Кара-Көл шаарында жайгашкан Аюу-Булак тилкесиндеги тургундун 90дой эчки улагын катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон түшкөн шагыл аралаш таштар басып калган.

Жеке булактардын маалыматына караганда, Аюу-Булак участкасынын 1951-жылы туулган тургуну М.Жапаровго таандык 104 улак, 12 эчкини сел агызып кеткен. Арасында 14 баш мал тирүү калып, калган 90ну сел менен кошо аккан. Учурда тактоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү жумуштар аткарылууда.

Буга чейин маалымдалгандай, Кара-Көл шаарынын Бишкек—Ош унаа жолунун 388-399-чакырымындагы тилкесинде кечээ, 15-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен колоттон түшкөн селден улам жол жабылып калган.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, аталган жерде №30 Жол тейлөө ишканасы тазалоо иштери жүргүзгөн. Унаалар кезеги менен чыгарылып, тилкеде учурда турган унаалардын саны болжол менен 200гө жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 962
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×