При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Кара-Көлдө борборлоштурулган китепкана ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-майда Кара-Көл шаарында борборлоштурулган китепкананын ачылыш аземи болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаардын мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы К.Уметов, Жалал- Абад облустук китепканасынын башчысы С.Аталиева жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул иш-чара «Китеп-кербени» долбоорунун алкагында 27-май - Китепканачылардын күнүнө, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлүп, анын алкагында «Кыргыз тилиндеги китеп - белек», «Китеп кербени» аталыштагы акциялар дагы уюштурулду. Шаардык борборлоштурулган китепкана буга чейин 2015-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын айтуусунда, китепкананы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жалпы 1 млн 900 миң сом жумшалды.

«Бул китепкана СССР доорунан бери Токтогул Каскаддар ГЭСинин балансындагы борборлоштурулган китепкана болуп келген. Эгемендүүлүктү алгандан кийин тургундар тарабынан ижарага алынып, кафе болуп иштетилип жүрүп, кийин каралбай, авариялык абалдагы имаратка айланган. Бул имарат шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп, 2015-жылы жергиликтүү бюджеттен 1,9 млн сом бөлүнүп, оңдоп-түзөөдон өткөрүлгөн соң, 1-декабрда шаардык китепкана көчүрүлүп, биротоло ушул жайга жайгаштырылган. Былтыр 2016-жылы жергиликтүү бюджет китепкананы керектүү материалдар, оргтехника, эмеректер менен камсыз кылуу үчүн 790 миң сом бөлгөн. Китепкана заманбап шартта жасалды», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад облустук китепкананын башчысы С.Аталиеванын айтуусунда, Кара-Көл шаардык борборлоштурулган китепканасы быйылкы жылы республикалык деңгээлдеги «Жылдын мыкты китепканасы» наамына көрсөтүлөт.

«Кара-Көл шаардык борборлоштурулган китепканасына бүгүн «Китеп кербени» долбоорунун алкагында сөздүктөрдү, көркөм адабияттарды, жомок китептерди алып келип бердик. Ошондой эле, 24-майда облустук иш-чара өтөт. Ошол иш-чаранын алкагында Кара-Көл шаардык китепканасына Кыргыз китеп мамлекеттик ишканасы тарабынан кыргыз акын, жазуучулардын чыгармалары камтылган адабияттар белекке берилет. Мындан сырткары, Американын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында англис жазуучуларынын кыргыз тилине которулган чыгармалары, Кыргыз тил комиссиясы тарабынан маани маңыздуу мыкты китептер белекке берилмекчи», - деди ал.

Бул иш-чаранын алкагында шаардык борборлоштурулган китепкананын жетекчиси Ж.Муратова КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.

Ж.Муратованын айтымында, китепкананын фондунда 32 миң китеп бар.

Иш-чаранын алкагында, китепканага Wi-Fi роутер белекке берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:01,   17.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу