При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясы коргоочу дамбанын бөлүгүн жууп кетти (фото)

Turmush -  Ноокен районунда Кара-Үңкүр дарыясы коргоочу тосмонун бир бөлүгүн жууп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-майда саат 17:00дөр чамасында Ноокен районунун Арал айыл аймагына караштуу Арал участкасында ӨКМдин Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы Кара-Үңкүр дарыясынын оң жээгине курулган №2 коргоочу тосмонун 50 метр аралыгын суу жеп, ашып кетүү коркунучу жаралган.

Тосмону бекемдөөгө 4 инженердик техника, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Кооптуу абал жаратып жаткан коргоочу дамбаны таш менен бекемдөө жумуштары аткарылып, саат 19:00дө коркунуч жоюлган.

Бекемдөө жумуштары улантылууда.

Тема боюнча:

07.04.2017Базар-Коргондогу жер көчкү Кара-Үңкүр дарыясын тосуп, андан топтолгон суу төмөнкү айылдарга кооптуулук жаратты (видео)
13.04.2017Жалал-Абаддагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээги Өзбекстан менен бирге бекемделүүдө (фото)
13.04.2017Жалал-Абаддагы Кара-Үңкүр жана Көк-Арт дарыяларында суунун деңгээли көбөйүүдө
14.04.2017Кара-Үңкүр дарыясында суунун көлөмү көтөрүлсө 45 гектар айдоо жерге, 75 үйгө кооптуулук жаратат (фото)
19.04.2017Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ноокенде 10 гектар эгин талааны суу алып кетти (фото, видео)
19.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 885 үй-бүлө көчүрүлдү (видео, фото)
20.04.2017Ноокенде Кара-Үңкүр дарыясы өз нугуна түштү
21.04.2017Ноокендин Арал айылында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу