При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Жалал-Абадда министр Т.Батыралиев дарыгерлерди «алмай-бермейди» токтотууга чакырды (фото)

Turmush -  Саламаттыкты сактоо министри Талантбек БатыралиевЖалал-Абад аймагына келип, Жалал-Абад шаарында жайгашкан медициналык мекемелердин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда министр дарыгерлерди так иштеп, элдин саламаттыгын сактоо жаатында муктаждыктарын камсыз кылууга үндөдү. Ошондой эле, «алмай-бермей» сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууга чакырды.

«Негизи бермейди токтотсок, алмай тыйылмак. Ар бир кемчиликти жоюу үчүн сөзсүз органдар эле иштебей, эл өзү да аракеттерди көрүш керек. Эгерде ак халатчандар кесиптик кызматынан кыянаттык менен пайдаланып туура эмес иш кылса, мыйзам чегинде жазасын тартсын», - деди Т.Батыралиев.

Ошондой эле, ал Кыргызстандагы медицина тармагын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүнүн зарылдыгын белгилеп, акыркы жылдары энелердин өлүмү жана жугуштуу оорулардын саны бир кыйлага азайгандыгын айтты. Жолугушууга катышкан Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев шаар элинин саламаттыгы үчүн эмгектенип жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу