При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кара-Көлдө ГЭСтин коммуналдык ишканалар комбинатын мэрияга өткөрүү маселеси каралды (фото)

Turmush -  Кечээ, 16-майда Кара-Көл шаарында Жогорку Кеңештин Отун, энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрөгасы К.Рыспаев башталган топ көчмө жыйын өткөрдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жыйынга шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрөгасы К.Уметов, мекеме- ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда Токтогул Каскаддар ГЭСинин балансында турган Коммуналдык ишканалар комбинаты менен борбордук жылуулук тармак мекемесин шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү маселеси каралды.

Алгач шаардык кеңештин экс-төрөгасы Мирлан Жээнбеков бул маселеге токтолду.

«Кара-Көл шаары 1962-жылы түптөлгөн. Ошол убакттагы объекттер жыгачтан курулуп, ошол бойдон калган. Шаардын эли гидрокуруучулар. Өлкөдөгү чоң гидростанцияларды курушкан. Жарандык-турак жай чарбасын шаардын балансына өткөрүп берүүгө энергохолдинг менен ААК станциясы кызыктар болууда. Жалпы 4 отказан, жер үстүндөгү жана астындагы суу түтүктөрү, суу насостук станциялары, таштанды тейлөөчү тармактар жаңыртылып анан шаарга өткөрүлүп берилсе туура болот. Анан шаардык кеңештин чечими менен мэрияга өткөрүү маселеси каралмак. Эгер Коммуналдык ишканалар комбинаты менен борбордук жылуулук тармак ишканасы мэрияга өтсө шаардын бюджети аларды каржылай албайт», - деди ал.

Ал эми шаардык кеңештин депутатты Б.Кыргызалиевдин айтуусунда, шаарда жумушсуздук жана №718 аскер бөлүктү башка жерге жайгаштыруу маселелери оорчундуу болууда.

«Бизде жумушсуздук эң көйгөйлүү маселе. Токтогул Каскаддар ГЭСин реконструкциялоо иштерине келип жаткан фирмалар биздин шаарда катталып, жумушчулардын 60-70%ын жергиликтүү калктан алыш керек. Бул 2017-жылдын 16-мартында кабыл алынган шаардык кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Экинчи оорчундуу маселе - Турак жай ээлеринин шериктештиги боюнча болууда. 1962-жылдан бери курулган үйлөр, авариялык абалда турат. Анда жашаган элди алдоо жолу менен турак жай шериктештигине Токтогул ГЭСтер Каскады өткөргөн. Биз Турак жай менчик ээлеринин шериктештигине өтпөйбүз деген жокпуз. Болгону алар мыйзамдагы талаптарды толук аткарып, үйлөрдү оңдоп-түздөп беришсе», - деди ал.

Мэр И.Еркеев Коммуналдык ишканалар комбинаты менен борбордук жылуулук мекемесин шаардын балансына алууну колдобой турганын билдирди.

«Коммуналдык ишканалар комбинаты менен Борбордук жылуулук мекемеси Токтогул Каскаддар ГЭСтин балансында калганы туура чечим. Ал эми, отказандар, коммуналдык тармак СССР убагынан бери колдонулгандыктан авариялык абалда. Ошондуктан отказандарда берилген жылуулук кайра кайтпайт, жоготуу, чыгымы көп», - деди ал.

Көчкө жыйындын соңунда ЖК депутаты К.Рыспаев Кара-Көл шаары расмий түрдө «Энергетиктер шаары» статусун алууга укуктуу экендигин айтты.

«Энергетиктер шаары» статусун алууга мүмкүнчүлүгүңөр бар. Мен Токтогул Каскаддар ГЭСтин бансындагы Бишкек-Ош жолунун 2 чакырымын жарыктандырууну жакшыртуу тапшырмасын берем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×