При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Республикада 775 мектеп интернетке туташат, - министр

Turmush -  Республикада жаңы окуу жылында 775 мектеп интернетке туташтырылат. Бул тууралуу КРнын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жалал-Абад шаарында билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, долбоорго кирген 775 мектептин 70%ы сентябрь айында, 30%ы ноябрь айында туташып бүтөт.

«Интернет менен туташтыруу кадамы мүмкүн болушунча жүрүп жатат. Мындан сырткары, мектептерди компьютер менен камсыздоо үчүн 30 миллион сом каралды. Бул да сапаттуу билим берүүгө багытталган чоң кадам», - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан кадамдар боюнча маалымат берди. Ал эми мугалимдер айлык маяна маселеси, окуу куралдарынын жетишсиздиги боюнча суроолорду беришти.

Г.Кудайбердиева белгилегендей, буга чейин өлкө аймагында 400 мектеп интернетке туташтырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 226
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×