При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Чаткалда сууга агып кеткен Беш-Арал коругунун кызматкерин издөө токтотулуп, жаназа окулду

Turmush -  Чаткал районунда сууга агып кеткен Беш-Арал коругунун кызматкерин издөө иши токтотулуп, ага жаназа окулду. Бул тууралуу Ак-Таш айылынын башчысы Таалай Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, сууга аккан адамдын сөөгүн издөө иштеринен жыйынтык чыккан жок.

«Беш-Арал коругунун кызматкеринин денесин издөө иштеринен эч кандай жыйынтык чыкпагандыгына байланыштуу ага жаназа окулду», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 20-апрелинде Беш-Арал коругунун кызматкери Испара суусуна агып кеткен. Аны ӨКМдин атайын тобу издөөгө алып, бирок сууга аккан жарандын сөөгүн табылган эмес. Мындан улам сууга аккан кызматкердин бир туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу