При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Фото - Жалал-Абадда 4 дарыянын деңгээли көтөрүлүп, үйлөргө, айдоо аянттарына кооптуу абал жаратууда

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы 4 дарыянын (Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыялары) деңгээли көтөрүлүп, жээктеринен ашып, турак жайларга, айдоо аянттарына, көпүрөлөргө, унаа жолго кооптуу абал жаратууда.

ӨКМдин маалыматына караганда, 12-15-май күндөрү Аксы районундагы Авлетим дарыясынын нугун буруу жана жээгин бекемдөө үчүн ӨКМден 5 бирдик техника, райондук №12 жол тейлөө ишканасынан 3 техника жана айыл аймак тарабынан 4 техника жана жергиликтүү тургундардан 100гө жакын киши жумушка тартылган. Байкашка-Терек айылындагы кооптуу участкаларды аска таш менен бекемдөө максатында таш алуучу карьерге баруу үчүн 100 метр жаңыдан автожол салынып, алыстыгы 15 чакырым болгон Мукур айылынын Бүчмө участкасынан аска таштар ташылып, 150 метр болгон суунун нугун буруу, жана жээктерин бекемдөө жана жол сүрүү жумуштары аткарылып, кооптуулук азайды.

Мындан тышкары, Кара-Башат айылынын Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата дарыясынын оң жээгинин 100 метр аралыгынын суу ашкан, коркунучтуу жери 200 кап менен жергиликтүү 25 адам тарабынан убактылуу тосулган. 19 үй-бүлөнү убактылуу көчүрүү үчүн З.Кутманова №26 орто мектеби даярдалды. Азыркы учурда өтө кооптуу деген 6 үй-бүлө туугандарыныка көчүрүлдү.

Ал эми, Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясыныннугун бекемдөө максатында жергиликтүү тургундардан 55 адам жумушка тартылып, ӨКМ тарабынан берилген 500 даана капты кум-шагылга толтуруп, орнотуу жана кол күчү менен атайын кооптуу участкага селпая куруу жумуштары аткарылды.

Ошондой эле, Чаткал районундагы Терек-Сай дарыясынын деңгээли көбөйүп, жээктерин жеп, кооптуулук жаралууда. Терек-Сай суусу Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка автоунаа жолунун 32-чакырымындагы сай жээктерин жеп, Ала-Бука райондук №17 жол тейлөө ишканасынын балансындагы автоунаа жол каттамына кооптуулук жаралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 256
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×