Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Фото - Чаткалда кокту-колоттон түшкөн шагыл аралаш таштар жүк ташуучу унааны басып калды (видео)

Turmush -  Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунда кокту-колоттон кум-шагыл аралаш таштар түшүп, оор жүк ташуучу унааны басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жооптуу кезметчиси, улук лейтенант А.Ботобеков билдирди.

Анын айтымында, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын Кош-Көпүрө аймагында Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 26-чакырымынан 34-чакырым аралыкка чейин 6 жерде катуу жааган жаан-чачындан улам кокту-колоттон жалпы көлөмү 119190 метр куб болгон кум-шагыл аралаш сел түшкөн.

1-аймактан түшкөн таш-шагылдын көлөмү 96000 метр куб болуп, Каныш-Кыя айылынын 1987-жылы туулган тургуну Мейман уулу Союзбектин (мам № 705 ААК) «Мерседес» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын жолдун болжол менен 26,6-чакырымында басып калган. Жүк ташуучу автоунаада тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүк болгон. Унаанын айдоочусу Мейман уулу Союзбек менен жүргүнчүсү Аккулов Жамшиддин абалы жакшы. Жабыр тартышкан эмес. Жолдогу жүргүнчүлөр менен Ала-Бука районуна келе берген.

Ошондой эле, 4 жана 5 аймакта түшкөн кум аралаш таштардын арасында (27-28-чакырымдарда) 3 жеңил автоунаа жүрө албай токтоп калган. Аталган автоунааларда экиден адам (жалпы 6 адам) болгон. Автоунаа жана адамдар жабыр тарткан эмес. Жол жабык болгондуктан учурда автоунаалар чыккан жок.

«Мындан улам Ала-Бука райондук №17 Жол тейлөөө ишканасынан 1 автожүктөгүч, Чаткал районунун аймагындагы алтын кенин казып иштеткен фирмалар тарабынан техника жана Ала-Бука, Чаткал райондорунан 2 топ жол кайгуул кызматкерлери тартылган. Учурда унаа жолдун 26-27-чакырымы кум-шагылдан тазаланууда. Бирок, жолду тазалоодо дагы да таштар түшүп, өтө кооптуу болгондуктан, тазалоо иштерине тоскоолдук жаратып жатат», -  деди Ботобеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3207
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×