При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Фото - Жалал-Абадда «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын штабы өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында саясий партиянын штабы өрттөндү.

Жалал-Абал облустук ички ичтер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-майдан 16-майга карган түнү Жалал-Абад шаарындагы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабына белгисиз адамдар өрт койгон.

«Өрттү тургундар өчүрүп калышкан. Кийин бул окуя боюнча милицияга кабарлашкан. Учурда милиция кызматкерлери окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө», - деп айтылат маалыматта.

29

Саясий партиянын штабы Горкий көчөсүндө жайгашкан. Өрт учурунда имараттын желим терезеси жабыркаган. Ошондой эле, партиянын баннери жарым жартылай күйгөн.

Жалал-Абад шаардык өрткө каршы кызматынын маалымдоосунда, аларга түнкү саат 01:35те кабар түшкөн. Алар окуя оболгон жерге барган учуда күбөлөр өрттү өчүрүп коюшкан.

«Бул жайга атайылап өрт коюуга аракет жасалган деген божомол болууда. Учурда өрттүн чыгымдары аныкталууда», - деп билдиришти өрткө каршы кызматынан.

Белгилей кетсек, 28-майда Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Ага 7 партия катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу