Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Бука—Кербен унаа жолундагы көпүрөдөн өтүүгө убактылуу тыюу салынды

Turmush -  Ала-Бука—Кербен унаа жолундагы көпүрөнү сел алып кетүү коркунучу жаралып, жол убактылуу жабылды.

ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков билдиргендей, көпүрөнүн жабылышына Кашка-Суу суусунун деңгээли көтөрүлгөнү себеп болгон.

«Кербен—Ала-Бука жолундагы көпүрөгө Кашка-Суу суусу коркунуч келтирип, көпүрөдөн өтүүгө тыюу салынды. Учурда тургундар Кашка-Суу айылындагы көпүрө аркылуу каттап жатышат. №12  Жол тейлөө ишканасы көпүрөнүн айланасын тосууга аракет көрүүдө», - деди ал.

Кашка-Суу дарыясынын нугу көтөрүлүп, ӨКМдин атайын тобу ал жерди көзөмөлгө алууда. Көпүрө жабылгандан улам Ала-Бука—Кербен жолунда жүргөндөр 3-4 чакырым алыстыктагы көпүрө менен каттап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×