Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда кургак учук оорусун дарылоонун көйгөйлөрү талкууланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад жана Чүй облустарынын дарыгерлеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, анда кургак учук оорусун амбулаториялык негизде дарылоонун жолдору туурасында талкуу жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кургак учук оорусунун алдын алуу жана социалдык оору менен жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү багытындагы Жалал-Абад облусундагы демилгелүү иш-аракеттер туурасында Чүй облусунан келишкен дарыгерлерге кеңири маалымат берилди. USAID тарабынан колдоого алынган «Кургак учукту жеңебиз» долбоору тарабынан уюштурулган иш-чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Аэлита Ибраева, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева, Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурул Кадырова, Улуттук фтизиатр борборунун директору Абдуллат Кадыров, «Кургак учукту жеңебиз» USAID долбоорунун директору Айнура Ибраимова жана Жалал-Абад менен Чүй облустарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери, кургак учук оорусун түздөн-түз дарылоодо иштеп жатышкан ак халатчан дарыгерлер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда кургак учукту жеңүү максатында үч багыттар боюнча иш-аракеттер жасалып келе жатат. Биринчиси - дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кургак учукка каршы көрсөтүлгөн жогорку сапаттагы кызматтарды жалпы пайдаланууну жакшыртуу. Экинчиси - медицина кызматкерлерин өз милдеттерин аткаруу үчүн алардын адистигин жана дараметин чыңдоо. Мисалы, адамдык жана институттук дараметтерин жогорулатуу. Лабораторияларды модернизациялоо. Үчүнчүсү - кургак учук оорусу боюнча маалыматтардын сапатын жана аларды пайдаланууну жакшыртуу. Атап айтканда, негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн кургак учукка каршы кызматтарды жана медицина кызматкерлерин кургак учук дарты боюнча маалыматтарды башкаруунун заманбап жана санариптик системалары менен камсыздоо болуп саналат.

USAID долбоору тарабынан 2014-жылдын август айынан ушул кезге чейин 3200гө жакын дарыгерлер менен медайымдарды, лабораториялык адистерди жана Кургук учукка каршы жардам берүүнү жакшыртуу боюнча иш алып барышкан өнөктөштөр окуудан өткөрүшкөн. Кургак учук оорусунун алдын алуу жана аны натыйжалуу дарылоо боюнча өткөрүлгөн тегерек столдун жүрүүсүндө Жалал-Абад жана Чүй облустарынын ак халатчан дарыгерлери өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 836
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×