При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Патрулдук милицияга баш ийбеген Жалал-Абаддын мэринин унаасы айып аянтчага токтотулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевдин кызматтык унаасы айып аянтчага токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарында «Күңүрттөө» рейдинин жүрүшүндө арткы номуру жок «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери токтотушкан, бирок айдоочу токтобой өтүп кеткен. Патрулдук милициянын кызматкерлери ал унаанын артынан түшүп, (0032 DB номурлуу) кызматтык унааны Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Т.Темирбаев башкарып бара жатканын аныкташкан.

Унаа учурда айып аянтчасына киргизилип, протокол түзүлдү.

Мэрдин милдетин аткаруучу Т.Темирбаев Turmush басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, ал түзүлгөн протоколго ылайык айып пул төлөгөн.

Анын айтымында, кечээ, 15-майда борбор калаадан келген бийлик өкүлдөрүн жайгаштырып, үйүн көздөй бара жатканда Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери артынан келишкен.

«Кечки саат 10:30дар чамасында болчу. Унаамдын арткы мамлекеттик номери жоктугуна байланыштуу мени токтотушту. Эртең менен унаанын арткы номер сынып калгандыгына байланыштуу аны унаанын ичине салып койгон элем. Патрулдук милициянын өкүлдөрүнө жагдайды түшүндүрдүм. Айып пул төлөдүм», - деп билдирди Т.Темирбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1122
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу