При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Аксынын 250 түтүн жашаган Семет айылына 1,2 млн сомго таза суу чыгарылды

Turmush -  Аксы районунда 250 түтүн жашаган Семет айылына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбек Тыныбеков билдирди.

Анын айтымында, бул иштерге 1 млн сомдон ашык каражат сарпталды.

«Семет айылында жашаган 250 кожолукка таза суу чыгарылды. Таза сууга жалпы 1 млн 200 миң сом акча сарпталды. Анын 900 миң сомун чет өлкөлүк уюм каржыласа, 300 миң сом айыл өкмөттүн эсебинен бөлүндү», - деди ал.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө таза суу маселеси көйгөй жаратып келет. Иринжит каналы курулгандан кийин сугат суу маселеси бир аз чечилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу