При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Ала-Букада улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында фестиваль уюштурулду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында фестиваль уюштурулду. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Нурбек Сариев билдирди.

Анын айтымында, фестивалда ыр, бий, сүрөт боюнча сынак уюштурулду.

«Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында 4 улуттун өкүлдөрү жашайт. Бул жерде ар улуттардын каада-салттары үрп-адаттары сакталган. Ошол себептен аймакта улуттардын ынтымагын чыңдоо максатында фестиваль уюштурулду. Фестивалдын жүрүшүндө кыргыз, өзбек, тажик жана дунган улутунун өкүлдөрү өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мында ар бир улуттун өкүлү өз бийлерин тартуулады. Ошондой эле, каада-салттар чагылдырылган сүрөттөрдү тартышып, көргөзмөгө коюшту», - деди Н.Сариев.

Ала-Бука районунда өзбек, тажик жана дуңган улутунун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу