При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Селден улам Кара-Көлдө жабылган жол бир тараптуу ачылды

Turmush -  Кечээ, 15-майда саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-400-чакырымдарында (Кара-Көл шаары) селден улам жабылган жол бир тараптуу ачылды.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, жол селден улам шагыл таштар агып түшкөнү үчүн жабылган Кырсыктан жабыркагандар жок. Шагыл таштар түшкөн жердин эки тарабында биригип болжол менен 1000ге жакын унаанын тыгыны жаралган.

Жолду тазалоого №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч жана 1 жеке менчик грейдер тартылып, таңкы саат 07:40 чамасында унаа жол бир тараптуу ачылды. Топтолуп турган унаалар толугу менен өтүп бүткөндөн кийин жолду кеңейтип тазалоо иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 292
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×