При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Массалык уулануу: Тогуз-Торонун Казарман айылында кафеден түштөнгөн 16 адам ууланды

Turmush -  Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жергиликтүү кафеден түштөнгөн 16 адам ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен райондун санитардык кызматына шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабыр тартуучулар – Тогуз-Торо районунун тургундары, алар Казарманга спартакиадага катышуу үчүн барышкан.

«Жабыр тартуучулар арасында балдар жок. Уулангандар аймактык ооруканага 13-майда саат 20:30дан баштап, саат 02:00гө чейин кайрылышкан», - деп айтылат маалыматта.

Аларга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин бейтаптар канааттандырарлык абалда үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Болжолдуу маалымат боюнча 16 адам Казармандагы «Эркин-Дыйкан» кафесинде түштөнүшкөн. Кафени текшерүү учурунда санитардык нормалардын бузулушу боюнча бир нече факт аныкталган.

Тема боюнча:

18.04.2017Массалык уулануу: Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан кийин 22 адам ууланып, ооруканага түштү (толукталды, фото)
20.04.2017Массалык уулануу: Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан кийин уулангандардын саны 33кө жетти (толукталды)
24.04.2017Массалык уулануу: Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнда уулангандар ооруканадан чыгарылды
13.05.2017Массалык уулануу: Ноокен районунда 29 окуучу ууланып, ооруканага түштү фото)
13.05.2017Массалык уулануу: Ноокенде ууланган окуучулардын саны 31ге жетти, 1 бала реанимацияда (фото)
15.05.2017Массалык уулануу: Ноокендеги окуучулардын уулануусу боюнча адистерге тапшырмалар берилди (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×