При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Жалал-Абаддагы 3 райондо дарыялардын суусунун деңгээли көтөрүлүп, 6 үй-бүлө көчүрүлдү (фото)

Turmush -  Тоолордогу кардын тездик менен эришинен Жалал-Абад облусунун Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыяларынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жей баштаган. Натыйжада бир топ турак жайларга жана көпүрөлөргө кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы 4 дарыянын (Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыялары) деңгээли көтөрүлүп, жээктеринен ашып, турак жайларга, айдоо аянттарына, көпүрөлөргө, унаа жолдорго кооптуу абал жаратууда. Аталган кооптуу аймактарды жеринен көзөмөлгө алуу жана ыкчам чараларды көрүү максатында ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов башчылыгында ыкчам топ жеринде иш-чараларды аткарууда. Аталган райондордогу кооптуу кырдаалды ӨКМ башчысы, генерал-майор К.Боронов өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

Алдын алуу иш-чараларды тез арада уюштурууну жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында, Аксы районунда облустук штаб түзүлүп, жеринде кырдаал боюнча маалыматтар ар бир саат сайын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан министрликтин жетекчилигине баяндалууда.

Белгилей кетсек, 14-майдан баштап Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-жарандык коргонуу башчысы тарабынан Аксы районуна өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.

Ушул жылдын 12-майында Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 3 айылдагы 79 турак үйгө жана ички чарбалык автоунаа көпүрөсүнө кооптуу абал жаралган. Авлетим дарыясынын сыйымдуулугу секундасына 18,7 метр куб болсо, бүгүнкү күндө дарыяда суунун денгээли секундасына 28,5 метр кубга жетип, аталган дарыянын 17 участкасына кооптуу абал жаралган. Жалпы Авлетим айылындагы 2 даана унаалар өтүүчү көпүрөнү, 4 чакырымга жакын аралыктагы ички чарбалык жолду бузуп, жараксыз абалга келтирген. Мындан улам дарыянын нугун буруу жана жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп, ага жергиликтүү тургундар жана ӨКМ тарабынан техн икалар тартылды.

Ал эми кечээ, 14-майда Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат айылынын Орто-Токой участкасындагы Падыша-Ата дарыясы бүгүнкү күнгө секундасына 25 метр куб суунун көлөмү жогорулап, дарыянын жээктеринен ашып, жээкке жакын жайгашкан 27 турак жайларга кооптуу абалды жараткан.

Падыша-Ата дарыясынын 300 метр аралыгынын нугун тазалоо жана 100 метр аралыгын жээгин аска таштар менен бекемдөө жана дарыянын сол жээгин 50 метр аралыгын аска таштар менен бекемдөө жумуштары аткарылууда. Кооптуу жерде жайгашкан 19 үй-бүлөнү убактылуу көчүрүү үчүн № 26 З.Кутманова атындагы орто мектеби даярдалды. Азыркы учурда өтө кооптуу деген 6 үй-бүлө туугандарыныка көчүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 601
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу