При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-август
68.74    80.81    1.15    KZT 0.21

Токтогул ГЭСтеги гранит таштардын биринен «Аллах» деген арабча жазуу табылды (фото)

Turmush -  Токтогул ГЭСиндеги гранит таштардын биринен «Аллах» деген араб тилиндеги жазуу табылды.

Кара-Көл шаарынын имамы Бектен ажы Керезбаевдин айтуусунда, бул жазуу ГЭС курулгандан бери бар.

«ГЭС СССР убагында эле курулган. Бирок, ошол убакта бул жазууну эч ким байкаган эмес экен. 2007-2008-жылдары мага ошол жерде иштеген бир кызматкер: «Сиз билесизби ГЭСтин ичиндеги залда «Аллах» деген жазуу бар экен» деп айтып калды. Мен ишенбей, бир күнү атайын барып көрсөм, чын эле бар экен. Мындай жазуу атайын жазылган эмес.

«Аллах» деген жазуусу бар таш курулушка пайдаланган учурда чыккан го. Бул эми Аллахтын кудуретин менен жазылган. Анткени, бул объект кыргыз элине пайдасы тийген, ыйык жер. Мындай ири курулуштар Аллахтын буйругу менен жүргүзүлөт. Ал каалабаса пенделер аракет кылганы менен натыйжа болбойт. Албетте, ага эл себепчи болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу