При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Көк-Жаңгактын тургундары ыр кесе өткөрө башташты (фото)

Turmush -  Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы №23 кварталдын жашоочулары ыр кесе өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Тургундардын айтымында, ыр кесе эл арасындагы таланттарды элге алып чыгуу максатын уюштурулду. Мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлүп келген саамалык эми жашоочулар арасында өтө баштады. Мындай иш-чара шаардык мэриянын буйругунун негизинде шаардагы ар бир кварталга бөлүнүп, кезеги менен өтүүдө.

«Бүгүнкү күнү шаарыбыздагы №23 кварталдын жашоочулары бул майрамды өткөрүп жатышат. Бул күн жергиликтүүлөр үчүн майрам сыяктуу белгиленет. Эгер маданият үйүбүз болгондо мына ушундай майрамдарды байма-бай өткөрүп турмакпыз», - деди 9-кварталдын башчысы Кадыржан Үсөнов.

Шаар боюнча жалпы 9 квартал бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×