При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Фото - Аксыда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Эйфель мунарасынын көчүрмөсүн орнотушту

Turmush -  Аксы районунда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Эйфель мунарасынын көчүрмөсүн курушту. Бул тууралуу Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбек Тыныбеков билдирди.

Анын айтымында, мунара айыл өкмөттөгү 38 адамдын каржылоосу менен курулуп бүттү.

«Мектепти 1997-жылы бүтүргөндөр менен кеңешип, айылга Эйфель мунарасынын көчүрмөсүн орнотууну туура көрдүк. Бул демилгени бүтүрүүчүлөр дагы колдоого алышты. Мунаранын узундугу 12 метрди түзөт. Анын курулушуна жалпы 300 миң сом сарпталды», - деди А.Тыныбеков.

Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы 1889-жылы 31-мартта ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон. Эйфель деген аты – көрүнүктүү жана кайталангыс инженер, анын түзүүчүсү Александр Гюстав Эйфелдин ысымына коюлган.


 

 

 

 

 

  

 


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4070
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×