При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Массалык уулануу: Ноокендеги окуучулардын уулануусу боюнча адистерге тапшырмалар берилди (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылында окуучулардын уулануусу боюнча 13-майда аймактык ооруканада жыйын болуп өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жыйынга Ноокен районунун аким Э.Маматаев, анын орун басары Н.Бекжигитова, комиссия мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары катышып, , тиешелүү адистерге тапшырмаларды беришти. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар окуучулардын уулануусу боюнча төмөндөгүдөй чечимге келишти;

1. Тоскоол участкасындагы Назир Токторбаев атындагы №5 орто мектебинин окуучулар арасында абал курч деп белгиленсин;

2. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго мектептеги ичүүчү суу боюнча лабораториялык жыйынтык чыккан күнгө чейин мектепти таза суу менен камсыз кылуу милдеттендирилсин;

- Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу кудук менен камсыз болгон мектептерге жана бала бакчаларга санитардык паспорту жок суу ташуучу унаалардын айдоочуларына уруксат бербөө жагы милдеттендирилсин;

- Жарандардын айрыкча ата-энелердин жоопкерчилигин арттыруу боюнча жумуштар алып барылсын;

- Айылдык ден соолук комитеттери эл арасында уулануунун алдын алуу тууралуу толук маалыматтарды жеткирүүжагы милдеттендирилсин;

3. Ноокен райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери С.Абдыкаримовага изилдөө жүргүзүлүп, санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөргө анализ алып, лаборат орияларга өз убагында жеткирүү милдеттендирилсин;

- Медицина кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жактан үймө үй кыдыруу жумуштарын көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин:

- Район ичиндеги кудук менен камсыз болгон орто мектептерге жана бала бакчаларга суу ташуучу унаалардын айдоочуларына санитардык паспорт берүү жагы милдеттендирилсин.

4. Саламаттыкты сактоо министрлигинин райондогу координатору А.Жумабаевге үймө-үй кыдыруу иштерин көзөмөлдөө үчүн штаб түзүп, анын курамын бекитүү ФАПда күн сайын медициналык штаб ж үргүзүү милдеттендирилсин;

- Үймө-үй кыдыруу жумуштарын алып баруу үчүн жетиштүү дарыгерлер бөлүнүп берилсин;

- Тез арада биринчи жардам үчүн «Тооскол» ФАПы камсыздандырылсын.

- Ооруканага кайрылган бейтаптарга ар кандай төлөмдөрдөн бошотуу жагын чечүү милдеттендирилсин;

- Ден соолук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эл арасында уулануу тууралуу түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлсүн;

5. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуевге жарандардын айрым ата-энелердин жоопкерчилигин арттыруу боюнча жумуштар алып барылсын;

- Район ичиндеги кудук менен камсыз болгон орто мектептерге жана бала бакчаларга санитардык паспорту жок суу ташуучу машиналардын айдоочуларына уруксат бербөө милдеттендирилсин;

6. Майлуу-Суу жана Ноокен, Базар-Коргон райондору боюнча экотехинспекция башкармалыгынын башчысы А.Эламановго «Тоскоол» участкасындагы Алаш сайына үйлөрдөн чыгарылган таштандыларды таштоого тыюу салуу жана түшүндүрүү жагы милдетендирилсин:

7. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына ууланууга күмөн болгон тамак-аш, суу жана башка нерселерди анализге алуу учурунда тоскоол болгон жарандарга чара көрүлсүн.

Буга чейин маалымдалгандай, 12-майда Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө ууланып, Масы айылындагы аймактык ооруканасына түшкөн.

«Кечээ түштөн кийин биздин ооруканага Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептен белгисиз нерседен ууланган окуучулар массалык түрдө кайрыла башташты. Алар негизинен 5-класстан 10-класска чейинки окуучулар. Кечээ жаткырылган 28 баланын 25и кыздар болсо, үчөө балдар. Окуучулар мектептеги суу куюлган чоң идиштен суу сузуп ичишкен. Суу агуучу чоргосу бузулуп иштебей калган экен. Мындан сырткары, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөлөрүн үзүп жешкен. Лабораториялык анализ толук чыкмайынча окуучулар эмнеден ууланганын так айта албайбыз. Учурда ууланып бизге жаткырылган окуучулардын абалы канааттандырарлык, жакшы деп айтууга болот. Бүгүн эки окуучу жакшы болуп калгандыктан ата-энелери алып кетишти», - деп билдирген Ноокен аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калматов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 266
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×