Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Чаткалда суунун деңгээли көтөрүлүп, Терек-Сай дарыясынын жээктерин жеп баштады

Turmush -  Чаткал районунда ушул жылдын 13-майына карата күндүн катуу ысый баштагына байланыштуу, тоолордогу кардын эришинен Терек-Сай дарыясындагы суунун деңгээли көбөйүп, дарыянын жээктерин жеп баштаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылындагы Терек-Сай суусу, Ала-Бука—Жаны-Базар—Кировка унаа жолунун 32-чакырымындагы сай жээктерин жеп, унаа жол каттамына кооптуулук жаралган.

Жээкти бекемдөөгө №17 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 кран, 2 самосвал, №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, «Эвентус» ЖЧК, «Чаткал-17» ЖЧК ишканаларынан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 2 самосвал тартылууда.

Жол тейлөө ишканасынын техникаларынын аракетинде темир-бетон материалдары жана таш ташылып, кооптуулук жаралып жаткан сай жээктерине ташталган. Ушул жылдын 14-май күнү Терек-Сай дарыясынын 220 метр аралыгына 500 метр куб таш ташылып, дарыянын жээги бекемделген. Бекемдөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×