При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Массалык уулануу: Ноокенде ууланган окуучулардын саны 31ге жетти, 1 бала реанимацияда (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылында ууланган окуучулардын саны 31ге жетип, 1 бала кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу райондук оорукананын Балдар бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калматов билдирди.

Анын айтымында, учурда балдардын абалы келгендегиге караганда жакшы, кээ бирлерине бүгүнтөн баштап үйлөрүнө чыгууга уруксат берилет.

«Окуучулар эмнеден уулангандыгын так билүү үчүн биологиялык, химиялык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деди ал.

Ноокен райондук ооруканасынын жетекчисинин айтымында, облустук ооруканадан тийиштүү дарыгерлер келип, балдарга оперативдүү жардам көрсөтүштү. Көзөмөлдөн өткөн, абалы жакшы окуучулар балдар бөлүмүнө жаткырылган.

Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 12-майда Ноокен районундагы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептин окуучулары массалык түрдө ууланып, Масы айылындагы аймактык ооруканасына түшкөн.

«Кечээ түштөн кийин биздин ооруканага Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектептен белгисиз нерседен ууланган окуучулар массалык түрдө кайрыла башташты. Алар негизинен 5-класстан 10-класска чейинки окуучулар. Кечээ жаткырылган 28 баланын 25и кыздар болсо, үчөө балдар. Окуучулар мектептеги суу куюлган чоң идиштен суу сузуп ичишкен. Суу агуучу чоргосу бузулуп иштебей калган экен. Мындан сырткары, бадам менен өрүктүн быша элек мөмөлөрүн үзүп жешкен. Лабораториялык анализ толук чыкмайынча окуучулар эмнеден ууланганын так айта албайбыз. Учурда ууланып бизге жаткырылган окуучулардын абалы канааттандырарлык, жакшы деп айтууга болот. Бүгүн эки окуучу жакшы болуп калгандыктан ата-энелери алып кетишти», - деди Ноокен аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2060
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×