При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Фото — Кара-Көлдө Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо иши башталды

Turmush -  Бүгүн, 13-майда Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин расмий түрдө баштоо аземи өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага премьер-министр С.Жээнбеков, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Зилалиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев,  шаардын мэри И.Еркеев, Токтогул ГЭСинин кызматкерлери катышты.

Д.Зилалиев Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы гидроэлектростанцияларынын ичиндеги бермети экендигин белгиледи.

«Биз электр энергиясынын 90%ын ГЭСтен алабыз. Мен бул тарыхый иш-чарага катышып жатканыма кубанычтамын. Биз өз убагында Токтогул ГЭСин курган гидрокуруучуларга ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген жана өлкөдөгү ири электростанция болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×